Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Техникалык университет 60 жылдыгын белгилеп жатат


Бишкектеги Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин түзүлгөнүнө 60 жыл толду. Буга карата бүгүн Бишкекте “Илим, билим, инновация: өнүгүүнүн приоритеттүү багыттары” аттуу эл аралык конференция өтүүдө. Мааракеге карата президент Алмазбек Атамбаев куттуктоо жолдоду. Өлкө башчы куттуктоосунда “бүгүн Кыргызстан мамлекет үчүн, анын келечеги үчүн иштөөгө жөндөмдүү жаш адистерге муктаж. Сиздердин университет замандын талабына толук жооп бере алат деп ишенем” деп айтылган.

Кыргыз техникалык университети 1954-жылы түзүлгөн. Ал өлкөдөгү алгачкы жана жалгыз техникалык адистерди даярдоочу окуу жай болгон. Учурда университетте 19 миңден ашуун студент билим алат.(BkA)

XS
SM
MD
LG