Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Аткаминерлердин четтен мүлк алышын чектеген мыйзам жактырылды


Жогорку Кеңеш саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарды ээлеген адамдарга чет өлкөдө банк эсептерин ачууга, мүлкүн сактоого жана чет элдик компаниялардын акцияларына ээ болууга тыюу салган мыйзам долбоорду биринчи окууда жактырды. Добуш берүү жүрүшүндө мыйзам долбоорго парламенттеги 87 депутаттын 84ү “макул” деп добуш беришти. Мыйзам долбоорду депутат Исмаил Исаков иштеп чыккан. Ал жогорку кызмат адамдарына чет элдик таасирди азайтуу максатын көздөйт. Бирок муну айрым депутаттар Баш мыйзамга каршы келген укуктук ченем катары каршы баалашууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG