Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Жогорку Нарын каскадына жер бөлүндү


Жогорку Нарын каскадын куруу үчүн 312 гектар жер тилкеси бөлүндү. Мындай токтомго премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Токтомго ылайык, бөлүнгөн жер тилкесине каскаддагы Ак-булуң жана Нарын ГЭС-1 курулмакчы. Аталган ГЭСтер жылына 942 миллион кВт.саат электр энергиясын өндүрөт. Анын курулушу быйыл жыл аягында башталары күтүлүүдө.

Орусия менен биргеликте курулганы жаткан ГЭСтер каскадына жер берүү милдеттемесин кыргыз өкмөтү алган. Ал эми долбоорду каржылоону Орусия ишке ашырат.(BkA)

XS
SM
MD
LG