Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:06

АКШнын Иракта жайгаштырылган аскерлери урушка тартылбайт


Президент Барак Обама бул тууралуу Флоридада, Борбордук командачылыктын кеңсесиде сүйлөп жатып билдирди:

-Иракта жайгаштырылган америкалык күчтөрдө согуштук миссия болгон жок жана болбойт. Жеринде биз Ирактын аскерлеринe алар террорчуларга каршы өз өлкөсү үчүн күрөшүп жатканда колдоо көрсөтөбүз. Башкы командачыңар катары мен силерди жана биздин аскер күчтөрдүн калганын Иракта, кургакта дагы бир согушка катышууга милдеттендирбейм.

Обама бул сөздөрдү АКШ армиясындагы штаб башчылардын Бириккен комитетинин төрагасы, генарал Мартин Демпси америкалык аскерий кеңешчилер ирактык күчтөрдүн “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери менен күрөшүнө аралашуусу мүмкүндүгүн ишара кылган соң айтты.

Америкалык генералдын сөздөрүнөн кийин Ирактын премьер-министри Хайдар ал –Абади да алар “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштө чет элдик аскерлерге муктаж эместигин билдирген.

АКШ президенти Барак Обама Флоридадагы сөзү учурунда белгилегендей, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы эл аралык коалицияга дүйнөнүн 40тай өлкөсү өз жардамын сунуш кылды.

Суннит согушкерлеринин бул тобу учурда Ирак менен Сириянын ири бөлүктөрүн көзөмөлдөп турат.

Бүгүн алар акыркы 24 саатта Сириянын түндүгүнөн күрддөр жашаган 16 кыштакты ээлегени кабарланды. (UE)

XS
SM
MD
LG