Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Чүпүрөккө чүмкөнгөн секелектер...


Саясатчы Дастан Сарыгулов “Айат” гезити аркылуу азыркы парламенттин легитимдүүлүгү шек туудурарын айтты.

“Дастан Сарыгулов Текебаев менен Куловго тиш кайрадыбы?” деген баштема менен жарык көргөн “Айат” гезитинен Сарыгуловдун доосу бир топ жүйөлүү экендигин, демократиянын башкы принциби боюнча Жогорку Кеңештин азыркы курамы шайлоочулардын 50 процент добушуна жана буга кошумча дагы бир добушка ээ болгондо гана легитимдүү болмогун, ал эми парламенттеги 3 фракция шайлоочулардын 16 гана процентине ээ болгонун, демек бул деген легитимдүү эмес дегендикке жатарын, анан ага болбой эле мамлекет менен элдин тагдырын чечип жатышканын, парламент кабыл алган мыйзамдар да мыйзамсыз экенин, керек болсо бул деген кылмыш болуп эсептелерин айтып күнөөлөдү.

Ушул эле санда айтылуу композитор Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына карата өткөрүлүп келаткан иш-чаралардын бардыгы депутат Карганбек Самаковдун финансылоосунун аркасында ишке ашырылып келе жатканын улуу композитордун кызы, Жумамүдүн Шералиев атындагы Эл аралык фонддун төрайымы Нарынкүл Шералиева айтып берди.

“Азия ньюс” гезитине маек курган депутат Абдыжапар Бекматов ич ара бөлүнүү парламенттеги беш фракциянын баарына тең мүнөздүү көрүнүш экенин кеп кылды.

Ушу күндө катуу ооруп, өмүр менен өлүмдүн ортосунда жаткан журналист Кенжебек Арыкбаев интервью берип, 1-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, ишкер Аскар Салымбеков жана 15тен ашуун журналисттер тикесинен тик туруп колдон келгендерин жасап жатышканын, аларга ыраазылыгын билдирерин, эми акыркы үмүтү президент Алмазбек Атамбаевда калганын, алгач Москвага ишенип барып ооруканасына жатса “дарттын түрү татаал экен, биздин колубуздан келбейт” дешкенинен бир топ каражаттан кол жууп Минскиге учканын, белорустар 40 миң долларга операция жасоого макул болуп жасашканын, бирок ичегилерин тешип салышканын, ушул азаптуу 3 айдын ичинде 8 жолу операция болгонун, Белоруссиядан кайтып жатканда Шерба деген профессор “Сенин бооруң үчүн 6 ай гана убакыт бере алам, өмүрүңдүн андан кийинки мүнөттөрүнө кепилдик бере албайм” деп айтканын, азыр президенттин басма сөз кызматына күндө телефон чалып, жооп угалбай келатканын айтып, эми карапайым калкка кайрылууга мажбур болуп жатканын кейиш менен айтты.

“Асман плюс” гезитине интервью берген депутат Бөдөш Мамырова, хиджаб маселесине кайрылып, мектеп босогосун жаңыдан аттап жаткан, эне сүтү оозунан кетелек окуучу кыздарды чүпүрөккө чүмкөп салганына каршы экенин, кипкичинекей кыз хиджаб, ислам, дин деген эмне экенин билелекте ата-энелери сүйрөлтүп, тумчулап жатканын, мына азыр “Курманжан датка” тасмасы көрсөтүлүп жатканын, ошондон деле кыргыздын кыз-келиндеринин кийингенин караса болорун, мектепте окуу жайы кандай талап кылса ошондой кийиниш керектигин, ал эми мектепти бүтүп, турмуш жолуна аттангандан кийин кандай кийим кийерин өз табитине жараша тандап алса болорун билдирди.

Мухаммед пайгамбар Айшаны аялдыкка алганда ал кыз 9 жашта болгонун, ошондон кийин 9 жаштагы наристе кыз аял болгонун, аял болгон соң ал жоолук салынганын, ал эми мектептеги кыздар али аял боло электигин, демек жоолук да салынбашы керектигин, анын үстүнө кылым карыткан кыргыздын кыздары эч качан күйөөгө тийгенге чейин жоолук салынбаганын, анын ордуна топу, тебетей, татынакай үкүлүү такыя кийип келишкенин коомдук ишмер Анарбек Усупбаев маегинде кеп кылып, чыныгы Куранды чала молдолор бузуп жатканын факты менен талдоого алды.

Аталган “Асаба” гезити аркылуу маек берген депутат Карганбек Самаков “Текебаевге жансакчы жалдап, автомобил алып бергем” деп айтса, саясатчы Бабырбек Жээнбеков “Бүгүнкү премьер-министрге караганда кечээги премьерди сыйлайм” деп айтты.

Көптөн бери дайынын билгизбей кеткен мыкты акындарыбыздын бири Жолдошбек Зарлыкбековдун жарыялана элек ырлары гезиттин башкы редактору Эрнис Асек уулунун баш сөзү менен гезиттин бүгүнкү санына жарыяланды.

“Асаба” гезити өмүр менен күлгүн кезинде же 54 жашында кош айтышкан кыргыздын таланттуу куудулу Жаныбек Алыкуловду эскерген уулу Манас Алыкуловдун, куудул Күмөндөр Абыловдун, достору Хабибилла Азиреткуловдун, Абидин Темировдун эскерүүлөрүн окурмандарга тартуулады.

XS
SM
MD
LG