Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

Пакистанда шиит профессорду атып кетишти


Карачи шаарында белгисиз куралчан адамдар Гуджарта университетинин ислам иликтөө факультетинин деканы, профессор Мохаммад Шакил Ауджини атып кетишти. Полициянын айтымында, согушкерлер мотоцикл менен Ауджи отурган машинага ок чыгарган. Анын либералдуу окутуп жатканын айыптап, буга чейин коркутуулар болгонун маркумдун кесиптештери белгилешүүдө.

Ал мусулман аял мусулман эмес эркекке турумшка чыга берсе болот дегендей окутуулары менен белгилүү. Университеттин студенттери “Мугалимди өлтүргөнүңөр - коомду өлтүргөнүңөр” деп жазып алып акцияга чыгышты. Аталган окуу жай профессордун өлүмүнө байланыштуу үч күн аза күтүү күнүн жарыялады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG