Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Өзгөндө үй-бүлө айылга бала бакча куруп берди


Өзгөн районунун Кара-Дыйкан айылына Оморбековдордун үй-бүлөсү жеке эсебинен 2 кабаттуу бала бакча куруп берди. Бул тууралуу район акиминин орун басары Ибадат Мырзаибраимова билдирди.

Бакча салган үй-бүлө мүчөсү Саламат Айдарканованын айтымында, алар наристелердин билим уясын эки жыл бала бакчада иштеп, каза болуп калган 21 жаштагы кызынын урматына курган. Бакчага маркум Мээримгүл Оморбекованын ысымы ыйгарылып, 65 бала кабыл алынды.

Өзгөн районунда жалпысынан 30 балдар бакчасы бар. (RsK)

XS
SM
MD
LG