Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:02

Польша, Литва жана Украина бирдиктүү аскерий бөлүк түзөт


Польша бийлиги Литва жана Украина менен бирдикте аскерий бөлүк түзөт, анын башкы штабы мамлекет чыгышындагы Люблин шаарында жайгашат. Бул тууралуу Польша президентинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Аскерий бригада үч мамлекеттин жоокерлеринен куралат. Алар өз мамлекетиндеги бөлүктөрдө иштейт, бирок башкаруу Люблин шаарынан жүргүзүлөт. Максаты – эл аралык маанидеги тынчтык орнотуу операцияларына катышуу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG