Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Сатылып кетти деген ымыркай табылды


Бишкектин №1 төрөтканасынан гинеколог-дарыгер сатып ийди деген ымыркай Бишкектин медициналык мекемелеринин биринен аман-эсен табылды. Ымыркайды бул медициналык мекемеге белгисиз адамдар түн ичинде таштап кетишкен. Бул тууралуу ИИМ өкүлү Эрнист Осмонбаев “Азаттыкка” билдирди.

Мындан мурдараак Ички иштер министрлиги №1 төрөтканадан 27-августта төрөлгөн ымыркайды өз алдынча иш алып барган гинеколог сатты деп, факт боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмышка шектүү гинеколог камакка алынып, 16-сентябрда үй камагына чыгарылды. Учурда териштирүү иштери уланууда.

Төрөткана жетекчилиги жана Бишкектин Саламаттыкты сактоо департаменти ымыркай сатылды деген маалымат тастыкталбаганын айтып келет. (UEz)

XS
SM
MD
LG