Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:35

Турганбаев Батукаевдин ишин иликтеген атайын топ түзөт


Ички иштер министрлиги абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулган мыйзамдагы ууру Азис Батукаевдин иши боюнча атайын топ түзөт. Бул тууралуу ИИМ башчысынын милдетин аткаруучу Мелис Турганбаев “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган топ кримтөбөл Азис Батукаевдин абактан эртелей бошотулушун ийне-жибине чейин кайрадан иликтейт.

Оор кылмыш менен он алты жылга соттолгон Кыргызстандагы кримчөйрөнүн аталыктарынын бири Азиз Батукаев өткөн жылдын 10-апрелинде ак кан (лейкоз) дартына чалдыкты деген себеп менен абактан бошотулуп, "Манас" аэропортунун VIP-залы аркылуу жеке учак менен сыртка учуп кеткен. Анын жаза мөөнөтү 8 жылдан кийин аяктамак. Кийин парламенттик комиссия "лейкоз" деген диагноз жасалма экенин айтып чыгып, атайын депутаттык комиссия анын абактан эртелей бошотулушуна катыштыгы бар 27 аткаминерди жоопко тартуу боюнча корутунду чыгарган. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча Азиз Батукаев азыр Чеченстандын Грозный шаарында болушу мүмкүн. (UEz)

XS
SM
MD
LG