Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:15

АКШ Сенаты Обаманын Сирия оппозициясына жардам планын колдоду


АКШ Конгрессинин жогорку палатасы президент Обаманын Сириядагы оппозицияга жардам берүү планын каржылоону жактырды. Бул Ак үйдүн Сенаттын эки фракциясынын тең көпчүлүгүнүн кодоосуна чанда ээ болгон демилгелеринин бири болуп калды.

Президент мыйзам чыгаруучуларга ыраазылык билдирип жатып "бул демилге Конгресстеги эки партияда тең колдоо тапканы бүткүл дүйнө жүзүнө америкалыктардын биримдигин көрсөттү" деп айтты.

Мыйзам долбооруна 78 сенатор макул деп добуш берсе, 22си каршы чыкты. Алардын айрымдары аны бюджетке киргизбөөнү талап кылса, кээ бирлери АКШ Ирактагы салгылашууларга жана Сириядагы жарандык согушка түздөн-түз аралашып, бара-бара курал-жарак Американын өзүнө такалышы мүмкүн деген чочулоосун айтышты.

Конгресстин төмөнкү палатасы Сирия боюнча мыйзам долбоорун 17-сентябрда кабыл алган. Эми ага президент Барак Обама кол коюшу керек. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG