Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:06

Тажик жараны Ташкенттин түрмөсүндө каза тапты


Белгилүү тажик диниятчысы Домулло Маруфжон Истарафшандын кызы, 37 жаштагы Нилуфар Рахимжонова Ташкенттеги түрмөдө каза тапты. Аны өзбек соту террорчу деп айыптап үч жыл мурда 10 жылга камаган болчу. Ал эмне себептен, кандай жагдайда жана качан көз жумганы тууралуу так маалымат жок. Күйөөсү, Иран жараны, Тегеран университетинин окутуучусу Саидюнус Истаравшанинин "Азаттыкка" бүгүн айтымында, маркумдун сөөгүн Ташкенттеги бир тууганына өткөрүп берип, жерге болушунча тезирээк берүүнү талап кылышкан.

Нилуфар Рахимжонованын өлүмүнө байланыштуу Тажикстандын Исламдык кайра жаралуу партиясынын төрагасы Мухиддин Кабири, белгилүү диниятчы Хожи Акбар Тураджонзода жана Ирандын руханий лидери Аятолла Хоменеинин аппараты көңүл айтышты.

Тажик жараны Рахимжонова Бухарада атасы ошол жакта окуп жүргөндө туулган. Тажикстандагы жарандык согуш маалында ата-энеси менен Тегеранга көчүп кеткен. Ошол жактан күйөөгө чыгып, төрт балалуу болгон. 2011-жылы Ташкентке инисинин тоюна барганда кармалган. Адвокаттарынын айтымында, ага террорчу деген айып негизсиз тагылган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG