Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

Атамбаев: кыргыз экономикасы чоң сыноо алдында


Президент Алмазбек Атамбаев мындай пикирин бүгүнкү ишкерлер күнүнө карата куттуктоосунда билдирди.

- Биз Бажы биримдигине кошулууга даярдык көрүп жатабыз. Бизнесибиз, экономикабыз ушул тушта чоң сыноодон өтөөрү шексиз. Кыргызстандын ишкерлери өлкөбүз ийгиликтүү өнүгүп, алдыга өсүшү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт деп ишенем,- деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Ишкерлер Кыргызстан экономиксынын кыймылдаткыч күчү экенин баса белгилеген мамлекет башчысы өлкө 2015 - жылды Бажы биримдигинин катарында тосорун айтып келет.

2000-жылы 20-октябрда ишкерлердин өлкө экономикасынын өнүгүшүндөгү ээлеген орду, маанисин эске алуу жана аларды колдоо максатында 20-сентябрды алардын кесиптик майрамы катары белгилөө боюнча өкмөттүн токтому чыккан. (UEz)

XS
SM
MD
LG