Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Азия оюндары: кыргыз балбандары бүгүн күч сынашат


Бүгүн Түштүк Кореянын Инчхон шаарында кечээ башталган XVII Азия оюндарынын алкагында кыргызстандыктар спорттун төрт түрү боюнча таймашка чыгышат.

Эркектер арасында күрөш боюнча биринчилерден болуп Роман Петров жана Михаил Иванов, дзюдо боюнча Бактыбек уулу Арген Кыргызстандын намысын коргойт. Ал эми кыз-келиндер арасында Айканыш Аманова жана Ксения Бельдягина татами үстүнө чыгат. Ушул эле күнү Жаңыл Окоева оор атлетика боюнча күч сынашса, Альбина Мамбетова ушу-саньда боюнча мөөрөй талашат.

Бул оюндарга Кыргызстандан спорттун 20 түрү боюнча 115 спортчу катышууда. Футбол боюнча мелдеш 18инде башталып, таймаштын Н тобунда Кыргызстандын курамасы Ирандын футболчулары менен 1-1 эсебинде тең чыккан.

Кыргыз өкмөтү бул мелдештен алтын медал алган спортчуга 1 миллион 250 сом, күмүш медал үчүн 750 миң сом, ал эми үчүнчүлүктү багындыргандарга 500 миң сом байге сайган.(UEz)

XS
SM
MD
LG