Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:22

Кушубаков: Токтогул ГЭСинен суу сатылбайт


Токтогул ГЭСинен Өзбекстанга суу сатылат деген сөздөр чындыкка коошпойт. Мындай пикирин аталган ГЭСтин жетекчиси Алмаз Кушубаков билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстан менен Токтогул ГЭСинин аралыгы алыс болгондуктан түтүк тартып, суу сатуу мүмкүн эмес.

Суу сатылат деген сөз парламентте да айтылып келет. Депутат Дастан Бекешов бул маалыматтын чын-төгүнүн аныктоо үчүн аталган ГЭСке видеокөзөмөл орнотууну сунуштаган.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылдарга салыштырмалуу дээрлик 4 млрд. кубга аз. Ушул себептүү өкмөт быйыл электр энергиясына чектөөлөр болорун айтып келет. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG