Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Москва: өрттөн жабыр тарткан эки жарандын абалы оор


Москвада өрттөн жабыр тарткан кыргызстандык эки жарандын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өрттөн жараат алган 4 баланын ата-энеси Гүлназ Өкүмалиева менен Кожоназар Арзыматов ооруканада эсине келе албай жатат.

18-сентябрдын түнүндө Москвадагы көп кабат үйлөрдүн биринде өрт чыгып, төрт кыргызстандык мерт кеткен. Алар: 20 жаштагы Эрлан Абдыкаров, Анваржон уулу Баяман, жубайлар Урмат Токтосунов жана Айжаркын. Алардын сөөгү Москванын №5 өлүкканасында сакталууда.

Дем алуу органдары жабыркаган беш жаштагы Кожоназар кызы Элнура, эки жашар Кожоназар уулу Улар, алты айлык Арзыматова Акмаанай жана Күнбеков Байэл жакынкы күндөрү ооруканадан чыгары айтылууда.(UEz)

XS
SM
MD
LG