Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Москва: Ураинадагы согушка каршы тынчтык маршы өтөт


Москванын Пушкин аянтында Орусиянын Украинага карата агрессиясына каршы тынчтык маршы өтөт.

50 миңдей киши катышат деп айтылган тынчтык маршына оппозициялык саясатчылар, таанымал инсандар жана жарандык активисттер катышат. Акциянын уюштуруучуларынын бири, оппозициялык саясатчы Александр Рыклин акцияда “Путин, калп айтканды жана согушту токтот” деген ураандар көтөрүлөөрүн билдирди.

Украинадагы согушка каршы митингдер Екатеринбург, Берлин, Вена, Париж, Киев, Бургас жана Вашингтон шаарларында да өтөт. Соңку тынчтык маршы 15-июнда Крымдын Орусияга каратылышына каршы өткөн.

XS
SM
MD
LG