Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:43

Гани менен Абдулла бирдиктүү өкмөт түзүү келишимине кол койду


Ооганстанда президенттике талапкерлер Абдулла Абдулла менен Ашраф Гани бийликти бөлүштүрүү жана улуттук бирдиктүү өкмөт куруу боюнча макулдашууга кол койду. Ага ылайык, Ашраф Гани президент, Абдулла Абдулла болсо министрлер кабинетинин башчысын дайындоо укугуна ээ болду. Бул орунга ал өзүн көрсөтөрү күтүлүүдө. Кабулдагы президенттин сарайында өтүп жаткан кол коюу аземи мамлекеттик телеканал аркылуу түз көрсөтүлүүдө. Президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыктары расмий түрдө бүгүн кечирээк жарыяланат.

Буга чейин Абдулла Абдулла менен Ашраф Гани президент Хамид Карзайды жана шайлоо комиссиясын добуштарды бурмалашты деп айыптап, 14-июндагы шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартып келишкен. Өлкөдөгү саясий кризис үч айдан ашык уланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG