Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

45 миң сириялык качкын Түркияга өтүп келди


Анкаранын билдирүүсүнө караганда, он миңдеген сириялык күрттөр Ислам мамлекетинин жоочуларынан корголоп Түркияга качып өтүштү. Түрк өкмөтү качкындарга чек араны ачып койду. Өкмөт башчы Ахмет Давутоглу түрк тарап жардамга муктаждарга жардам берерин 19-сентябрда билдирди.

Бул арада Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган "Ирак жана Леванта ислам мамлекети" террорчул уюму барымтага алынган 49 жарандын кандай шартта бошотулганы тууралуу маалымат берилбесин билдирди. Алар июнь айында Мосулда барымтага алынган. Өз жарандарын бошотуу үчүн Түркия эмне жасаганы тууралуу түрдүү сөздөр чыгып жаткан. Бирок түрк бийлиги барымтадагыларды бошотуу үчүн акча берди дегенди четке кагып келген. Президент Режеп Тайып Эрдоган акыркы билдирүүсүндө “аларды алмаштырдыкпы же алмаштырбадыкпы-эң башкысы 49 жараныбыз Түркияга кайтты” деп белгилеген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG