Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

Москвада Кремлдин Украинага карата саясатына каршы жүрүш өттү


Бул жүрүш 2012-жылы президент Владимир Путиндин кызматка киришүү мезгилиндеги нааразылык акцияларынан берки оппозициянын эң ири акциясы болуп калды. Украинадагы согушка каршы акция Орусиянын Санкт-Петербург жана башка шаарларында өттү.

Акциянын уюштуруучуларынын бири Сергей Давидис орус коомчулугунда Кремлдин Украинада жарыяланбаган агрессиясына каршы жарандар бар экенин акция көрсөттү дейт:

- Коомчулуктун Кремлдин саясатына каршы бөлүгүндө талап болгон, бирок алардын үнү такыр угулбай келген. Бийлик, Кремлдин пропагандасы акылга сыйбаган согушту, жек көрүүнү коомчулук бир добуштан колдойт деп ишендирүүгө аракет жасап келди. Бирок ал андай эмес экенин көрүп жатабыз.

Маалыматка караганда, тынчтык жүрүшүнө 5 миңден 15 миңге чейин киши катышты. Орус бийлиги Чыгыш Украинага аскер жана курал бербей жатканын такай билдирип келет. (AiT)

XS
SM
MD
LG