Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:04

Жумгалда өспүрүм аралашкан киши өлтүрүү иликтенүүдө


Нарындын Жумгал районунда 17 жаштагы бала аткан октон каза болгону айтылып жаткан Эрнат Назарбек уулунун өлүмү иликтенүүдө. Кылмышка шектелген бала учурда райондук милициянын убактылуу кармоочу жайында камакта. Өз ара пикир келишпестиктен чыккан окуя өткөн жуманын бейшембисинде Кабак айыл өкмөтүнө караштуу Бостон-Кайыңды жайлоосунда болгон. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев билдирди.

Анын айтымында, маркум башына тийген октон каза тапкан:

-Кылмышка шектелип жаткан өспүрүм колдонгон курал эч жерде каттоого алынган эместиги такталды. 16 калибрлүү мылтыкты беш жыл мурда анын атасы сатып алган экен. Курал райондук милиция бөлүмүнө тапшырылды. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси - адам өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголду,- деди Осмонбаев. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG