Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Азия оюндары: Кыргызстан азырынча медал ала элек


Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан XVII Азия оюндарынын алкагында бүгүн кыргыз футболчулары вьетнамдыктар менен беттешет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султанбаев билдирди.

Азиадага Кыргызстандан спорттун 20 түрү боюнча 115 спортчу катышууда. Футбол боюнча таймаштын Н тобунда Кыргызстандын курамасы өткөн жумада Ирандын футболчулары менен 1-1 эсебинде тең чыккан.

Бүгүн кыргызстандык спортчулар күрөш, оор атлетика, дзюдо жана ушу-саньда боюнча мелдештерге катышат. Азырынча Кыргызстан медал ала элек.

Акыркы эсептер боюнча, учурда алдыңкы беш орунда Түштүк Корея, Кытай, Жапония, Монголия жана Казакстан келатат.

Кыргыз өкмөтү алтын медал алган спортчуга 1 миллион 250 сом, күмүш медал үчүн 750 миң сом, коло алгандарга 500 миң сом байге сайган.

18-сентябрда башталган Азия оюндары 4-октябрда жыйынтыкталат. (SE)

XS
SM
MD
LG