Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Мугалимдердин маянасы боюнча маселе эки жумада иликтенет


Мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү боюнча маселе Жогорку Кеңеш депутаттары жана Билим берүү тармагынын кесиптик кошуундар уюмунун адистери тарабынан 6-октябрга чейин иликтенет. Бул үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

16-сентябрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик кошуунунун өкүлдөрү менен бирдикте “Татыктуу эмгекке - татыктуу эмгек акы” талкуусун уюштурган. Маалым болгондой, тармакка бөлүнгөн23 миллиард сомго жакын каражаттын көбү уюштуруу иштерине, материалдык керектөөлөргө гана жумшалып, айлык акы көйгөй бойдон калууда.

Учурда Кыргызстанда мугалимдин орточо эмгек акысы 5000-8000 миң сомду түзөт. Комиссия мүчөлөрү маянаны 15 миң сомго чейин көтөрүү маселесин коюп жатат. Айлык акынын төмөндүгүнө байланыштуу өлкөдө эки миңден ашуун мугалим жетишпейт. (SE)

XS
SM
MD
LG