“Аврора” түнкү клубунун жанында 20-сентябрь күнү кечинде болгон атышууга шектелип, Ош облусунун эки тургуну кармалды. Бул тууралуу шаардык ИИБден бүгүн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, атышуу клубдун унаа токтотуучу жайында болгон. Милиция кызматкерлери “Лексус GS-300” үлгүсүндөгү унаанын ичинен жана жерден окторду тапкан. Окуя учурунда клубдун коопсуздук кызматкери токмоктолгон. Ошол эле күнү шаардык ооруканага октон жабыркаган дагы бир киши кайрылган.
Иликтөө иштери уланууда. (SE)