Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:00

АКШ Ооганстандагы бийлик бөлүшүү келишимин кубаттады


Вашингтон Ооганстандын президенттигине талапкерлер ортосунда бийлик бөлүшүү келишимине жетишилгенин кубаттады. Макулдашууга ылайык, Ашраф Гани президент, ал эми атаандашы Абдулла Абдулла жаңы түзүлгөн өкмөт башчы кызматын аркаламакчы. Келишимге кол коюлгандан кийин өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы Ганини президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыялап, ошол эле маалда добуштардын санын келтирген жок.

Ак үй өз билдирүүсүндө “демократиялык жараяндарды колдоо” аркылуу гана Ооганстан алдыга жыла алат деп белгилейт. БУУнун Коопсуздук кеңеши “президенттик шайлоонун жыйнытыкталганын” кубаттап, мүчө мамлекеттер “Улуттук биримдик өкмөтү” менен иштешүүгө ынтызар деп билдирди. Ал эми НАТОнун жетекчилиги эки лидер саясий өнөктөштүк принциптерине таянып иш алып барат деп ишенээрин белгилейт.

Президенттик шалйоонун экинчи айлампасы 14-июнда өткөн. Эки талапкер тең жеңгенин жарыялагандан кийин, эл аралык байкоочулардын катышуусу менен добуштар кайра саналып чыккан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG