Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

Түркияга Сириядан качкындар агылууда


“Ислам мамлекети” деген уюмдун жихадчылары алдыга жылган сайын, качкындардын саны көбөйүүдө. Анкара эки күндүн ичинде Түркиянын аймагына 130 миңдей сириялык күрт ооп келгенин билдирди. Түркиянын вице-премьер-министри Нуман Куртулмуштун айтымында, бийлик мындан да көп качкындын агымына даярданууда. Анын алдында согушкерлер Сирия менен чек ара аймагындагы ондогон айыл-кыштактарды ээлеп алышкан.

Түркиядагы күрттөрдүн козголоңчулар тобу – PKK партиясы күрттөрдү Сирияга барып, Кобане шаарын курчоого алган жихадчыларга каршы күрөшүүгө үндөдү. Маалыматтарга караганда, Түркиянын коопсуздук күчтөрү алардын урушка аттануусуна тоскоол болууга аракеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG