Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:48

Өкмөт башчы мүлк боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 19-сентябрда кол койгон токтомго ылайык, мамлекеттик кызматкерлер менен кошо алардын туугандарынан да Кыргызстанда жана чет элде өздөрүнө катталган мүлктөр боюнча отчет алуу зарылдыгы сунушталууда. Аткаминерлердин жана алардын жакындарынын мүлкүн декларациялоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча бул сунушту эми парламент карап чыгышы керек.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Оторбаев кол койгон токтомдо мамлекеттик кызматкерлер декларация тапшыруу учурунда өзүнүн жана жакындарынын тапкан кирешеси жөнүндө гана эмес, чыгашалары боюнча да маалымат берүүгө милдеттүү экени жазылат.

Жакында Жогорку Кеңеш кызмат адамдарына башка өлкөдө банк эсептерин ачууга, мүлкүн сактоого жана чет элдик компаниялардын акцияларына ээ болууга тыюу салган мыйзам долбоорун жактырган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG