Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

Киев куралдуу күчтөрүн буфердик тилкеден чыгарууга даярданууда


Украинанын армиясы артиллерия жана башка оор техникасын буфердик тилкеден алып чыгууга камынууда. Куралдуу күчтөрдүн расмий өкүлү Андрей Лысенко айтканына караганда, мындай чечим соңку бир нече сааттын ичинде орусиячыл жикчлердин аткылоосу азайып, Орусия тараптан ок чыгарылбагандан кийин кабыл алынды.

Украина, Орусия жана орусиячыл козголоңчулар 19-сентябрда артиллерия жана башка оор жабдууларды уруш чөлкөмүнөн 15 километр артка жылдыруу тууралуу макулдашкан. Бирок жекшембиде Украин армиясынын өкүлдөрү козголоңчулар менен орус аскерлери өкмөттүк күчтөрдү аткылап жатышат деп айыптап, буфердик зона түзбөй турушканын билдиришкен. Москва болсо Украинага аскерлерин жиберип жатат деген маалыматтарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG