Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:36

Өзбек оппозиционеринин үй-бүлөсүн Ташкенге киргизишпеди


Өзбекстан бийлиги сүргүндөгү оппозициячы Баходир Чориевдин жубайы менен уулуна өлкөгө кирүүгө тыюу салды. Ташкенде жайгашкан Адам укуктары боюнча альянс билдиргенине караганда, Феруза Хумрамова менен 9 жаштагы баласын Стамбул аркылуу АКШнын Чикаго шаарынан учуп келгенден кийин Ташкен аэропортунда токтотушкан. Алар Өзбекстан жарандары болгонуна карабай, артка - Стамбулга жөнөтүлдү, - деп ырастайт альянс.

2004-жылы мекенинен кеткен Чориев көп жылдан бери АКШда жашап келатат. Ал жакта бир нече өзбекстандык менен чогуу "Бирдамлик" оппозициялык тобун түзгөн. Атасы, укук коргоочу активист Хасан Чориев абактан чыгарылгандан 2 ай өтпөй үстүбүздөгү мартта жүрөгү кармап, көз жумган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG