Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Астраханда согушкерлерди жалдаган топтун мүчөлөрү соттолду


Орусиянын Астрахань шаарынын соту өлкө ичинде жана сыртында согушкер топторго элди жалдаган 6 кишини 6 жылдан 12 жылга чейин түрмөгө кести. Облустук Тергөө комитети билдиргендей, алар террордук иш аракеттер жана мыйзамсыз курал-жаракка ээлик кылгандыгы үчүн айыптуу деп табылды. Жергиликтүү тургундардан куралган топту болжол менен Тахир Жаксыбеков жетектечү.

Тергөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, алар Сирия, Египет жана Түндүк Кавказдагы согушкер топторго “жихадчыларды” жалдашчу. Топ 2013-жылы камакка алынган. Алардын үйлөрүндө экстремисттик адабият, жардыргыч заттар жана курал-жарак табылган.

XS
SM
MD
LG