Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Түркияга 130 миңден ашуун сириялык күрд качып өттү


Анкаранын билдирүүсүнө караганда, акыркы эки күндө Түркияга өтө качкан сириялык күрддөрдүн саны 130 миңден ашты.Түрк өкмөт башчысынын орун басары Нуман Куртулмуштун 22-сентябрдагы билдирүүсү боюнча, Анкара качкындардын саны дагы арбыса кандай чара көрүүнү караштырып жатат. Сириялык күрддөр чек арага жакын Кобане шаарына ислам мамлекетинин жоочуларынын чабуулунан качууга аргасыз болушкан. Бириккен Улуттар Уюму агымы артып бараткан качкындарды кабыл алууга Түркиянын жалгыз чамасы келбей жатканын билдирди. Сириядагы жарандык согушка байланыштуу акыркы жылдары Түркияга миллиондон ашуун качкын көчүп келген. (AiT)

XS
SM
MD
LG