Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:57

Иран “террорчулардан” коргонууга Жакынкы Чыгышка жардам берет


Бул тууралуу Ирандын президенти Хасан Роухани 22-сентябрда Нью-Йоркко Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын сессиясына жөнөп кетердин алдында билдирди. Президенттин айтымында, “өкмөт жана Ирандын куралдуу күчтөрү” террорчулардан адамдардын коргонуусу үчүн бардык жерде жардам берет.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф 21-сентябрда Нью-Йоркто жолугушуп, "Ирак жана Леванта ислам мамлекети" уюмунун жоочуларынан келип жаткан коркунуч жана Ирандын ядролук маселеси боюнча сүйлөшүү өткөргөн эле. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG