Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Өзбекстан оппозиция лидеринин жакындарын өлкөгө киргизген жок


Ташкенттеги укук коргоочулардын альянсынын маалыматына караганда, оппозиция лидери Баходир Чориевдин жубайы Феруза Хуррамова жана анын тогуз жаштагы уулу Чикагодон Стамбул аркылуу Ташкентке учуп келгенде аба майдандан өткөрүлбөй, кайрадан Стамбулга жөнөтүлүп жиберилген. Чориев 2004-жылдан бери Кошмо Штаттарда жашайт. Ал “Бирдамлик” аттуу оппозициялык топту түзгөн.

Баходир Чориевдин атасы Хасан Чориев март айында абактан чыккандан эки айдан кийин жүрөгү кармап каза тапкан. Ал дагы укук коргоочу болгон. (AiT)

XS
SM
MD
LG