Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Ашраф Гани: “Улуттук биримдик” өкмөтүнүн максаты - тынчтык


22-сентябрда тарапкерлеринин алдында сөз сүйлөгөн Ооганстандын шайланган президенти Ашраф Гани жаңы өкмөттүн максаты өлкөгө тынчтык алып келүү экенин айтып, ооган тарыхында президенттик биринчи жолу тынчтык жолу менен экинчи колго өтүп жатканын белгиледи. Бул элдин жеңиши деген Ашраф Гани өкмөттүн калк алдындагы жоопкерчилигин эскертти:

- Биз мыйзамдуу өкмөттүн башында турган мезгилде, биз калк алдында жоопкербиз жана эсепти берип турабыз. Бул өкмөт жоопкерчиликтүү өкмөт болот, анткени ал элдин эрки менен келди.

Ооганстандын шайлоо комиссиясы Ашраф Ганинин президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп атап, бирок добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялаган жок. (AiT)

XS
SM
MD
LG