Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:54

Ысык-Көлдө эл аралык дебат академиясы өтүп жатат


Дебат академиясынын катышуучулары.

Дебат академиясынын катышуучулары.

Дебатка чыгуунун жол-жобосун үйрөнүү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы эң ири академия Кыргызстанда өтүп жатат. Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык дебат академиясына Кыргызстан, Грузия, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Тажикстан жана Украина өлкөлөрүнөн жүзгө жакын улан-кыз катышууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” аны уюштуруп жаткан Эл аралык билим берүүчү дебат бирикмесинин Борбор Азиядагы бөлүмүнөн кабарлашты. Жыл сайын өтүүчү бул өнөктүккө быйыл дебат клубунун мүчөлөрү гана эмес, түрдүү уюм өкүлдөрү жана ыктыярчылар да чакырылган.

Академиянын негизги максаты – жаштарга болуп жаткан окуяларга сын көз менен карай билүү, өз пикирин коргоону үйрөтүү.

20-27-сентябрга белгиленген иш-чарага “Сорос-Кыргызстан” фонду колдоо көрсөткөн. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG