Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Ошто жергиликтүү тургун милицияга таап алган куралдарын тапшырды


Ош шаарынын 27 жаштагы тургуну жергиликтүү милицияга ири өлчөмдө ок-дары жана куралдарды тапшырды. Арасында 1 даана колдо жасалган граната, “Стечкин” үлгүсүндөгү тапанчанын окчонтойу, "Макаров" тапанчасынын 40 даана огу, ТОЗ-8 мылтыгынын 22 даана огу, Калашников автоматынын 4 даана огу бар.

Шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, жаран курал-жарактарды Жапалак айылындагы дарактын түбүнөн таап алганын билдирген. Алдын-ала маалыматтар боюнча, алар 2010-жылдагы июнь калабасында уурдалган болушу мүмкүн. Иликтөө жүрүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG