Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Маматалиев Баткендин акимдерине эскертүү берди


Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Баткен облусунда көмүрдүн баасын арзандатуу боюнча акимдерге тапшырма берди. 1-октябрга чейин баалар төмөндөбөсө акимдерге чара көрүлөрү эскертилди.

Маматалиев 22-сентябрда иш сапар менен Баткенге барган. Бүгүн ал Сүлүктү шаарында кышка кам көрүү штабынын кеңешмесине катышып, аймактагы маселени талкуулады.

Лейлек районунун акими Тилеберди Арипов “Азаттыкка” билдиргендей, учурда аймакта көмүрдүн бир тоннасы 9 миң сомдон сатылууда. Кышка жакын баа дагы көтөрүлүшү ыктымал.

Баткендин көмүрүнө кошуна Тажикстандан суроо-талап көп болгондуктан жыл сайын баа кымбаттап кетет. (SE)

XS
SM
MD
LG