Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:57

Жалал-Абадда тил майрамына карата жүрүш болду


Мамлекеттик тил күнүнүн 25 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарындагы мектептердин, окуу жайлардын мугалимдери, окуучулар жана студенттер жөө жүрүшкө чыкты. Алар колдоруна кыргыз тилин даңазалаган жазууларды көтөрүп, мэриядан борбордук аянтка чейин жөө келишти. Бул тууралуу калаа бийлигинин мамлекеттик тил боюнча башкы адиси, салтанаттын уюштуруучусу Үпөл Асаналиева билдирди.

Майрамдык акция «Эне тил эл тарыхын баяндаган, эне тилсиз тарых кучак жая албаган» деген ураан астында өттү.

1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алып, ал "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзам менен бекиген. Бул датага байланыштуу бүгүн Кыргызстандын бардык аймактарында түрдүү иш-чаралар уюштурулууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG