Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:48

Кировдо белгисиз маңзаттан 4 киши каза болду


Орусиянын Киров облусунда белгисиз маңзат кошулмасын чеккен төрт киши каза болду. Облустун саламаттыкты сактоо департаментинин маалымат катчысы Ольга Вагинанын айтымында, соңку күндөрү маңзатка ууланган 100гө чукул адам дарыгерге кайрылган. Алардын кыркка чукулу ооруканага жаткырылган.

Өткөн аптада тартип коргоо органдары жана медицина кызматкерлери уулануунун себептерин иликтеп жатканы айтылган. Облустук маңзатка каршы күрөшүү кызматы маңзат ташуучулар наркотиктин жаңы түрүн таратып жатканын маалымдаган. Анын курамы изилденүүдө. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG