Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:35

Нарын: милициянын үстүнөн даттанган жаран ооруканада


Нарындын 23 жаштагы тургуну Кылычбек Жолдошбек уулу милиция кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын айтып, Омбудсмендин аймактагы өкүлчүлүгүнө кайрылды. Учурда өзү облустук оорукананын травматология бөлүмүндө жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-сентябрда мас абалында бараткан Кылычбекти шаардык ИИБда иштеген тартип коргоочулар кармап, башка бирөөнүн жасаган кылмышына күбө болуп берүүгө мажбурлашкан. Ага көнбөй койгондо, ур-токмокко алышкан.

Акыйкатчынын Нарындагы өкүлү Тойгонбай Жаанбаев бул маселе боюнча шаардык прокуратурага билдирүү жөнөтүлүп, иликтөө башталганын айтты.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Жолдошбек уулу милицияга түшкөнгө чейин бирөөлөр менен мушташып, бети-башы көгөргөнүн белгилөөдө.

Укук коргоочулар Кыргызстанда кыйноолор адам укуктары жаатындагы негизги көйгөйлөрдүн бири экенин айтып келишет. Бирок быйылкы анализде өткөн жылга салыштырмалуу кыйноолор 31 пайызга азайганы айтылат. (SE\TSh)

XS
SM
MD
LG