Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Италияда Путинге жакын адамдын мүлкү камакка алынды


Италияда Орусия президенти Владимир Путиндин жакындарынын бири деп эсептелген ишкер Аркадий Ротенбергге тиешелүү 30 млн. евролук компания камакка алынды.

Рейтер агенттиги Италиянын каржы полициясына таянып жазганына караганда, камакка алынган мүлктөрдүн арасында Сардиния аралындагы батири, ушул эле аралдагы жана Италиянын Лацио районундагы виллалары, Римдеги отели бар.

Ротенберг муну мыйзамсыз жана акылга сыйбаган нерсе деп баалады.

Евробиримдик жана АКШ Украинадагы кырдаалга байланыштуу Орусиянын бир катар компанияларын жана айрым жарандарын “кара тизмеге” киргизген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG