Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:55

Орусия Думасы ММКдагы чет өлкөлүктөрдүн үлүшүн чектеген мыйзамды жактырды


Мыйзамга ылайык Орусиядагы маалымат каражаттарында чет өлкөлүк капитал 20% ашпоого тийиш. Азыркы кезде иштеп турган мыйзамда чет өлкөлүктөрдүн Орусиядагы маалымат каражаттарынын 50% чейин ээлик кылуусуна уруксат берилген. Биринчи окууда жактырылган мыйзамда кош жарандыгы бар адамдардын маалымат каражатынын ээси болушуна да тыюу салынган. Ал толук кабыл алынса, 2016-жылы күчүнө кирери белгиленген. Мыйзамдын пайда болушуна Батыш менен Орусиянын ортосунда жүрүп жаткан маалыматтык согуш себеп болгону айтылды. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG