Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:47

Обама "Ислам мамлекетине" каршы күрөштү улантат


Сириянын аймагындагы жоочуларга сокку уруу улантыларын АКШ президенти 23-сентябрда Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясына жөнөп кетер алдында билдирди:

- Кечээ күнү кечинде Американын куралдуу күчтөрү менин буйругум менен "Ислам мамлекетинин" Сириядагы позицияларына сокку ура баштады. Бүгүнкү күнү америка калкы биздин аскердик формадагы аял жана эркектерге, ошондой эле жогорку кесипкөйлүктү көрсөтүп жаткан учкучтарга ыраазычылык билдирет. Биз эң мыкты аскерлерден дүйнөдө болуп көрбөгөн чеберчиликти күтүп көнүп калганбыз,- деди Обама.

Президент Барак Обама террорчуларга каршы күрөштө Бахрейн, Катар, Сауд Арабиясы, Иордания жана Бириккен Араб Эмираттары АКШ менен бирге экенин жана АКШ жеңиш үчүн бардык зарыл иштерди жасарын кошумчалаган.

Орусия өз кезегинде Сириянын аймагына сокку уруу анын эгемендүүлүгүн бузарын жана эл аралык мыйзамдарга каршы келерин айтып, АКШны сынга алды. (AiT)

XS
SM
MD
LG