Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:56

Токтогулда жол кырсыгынан беш адам мерт кетти


Бишкек-Ош жолунун Токтогул районундагы бөлүгүндө жол кырсыгынан беш адам мерт кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Артак айылынын аймагында 23-сентябрда кеч курун орун алган кырсыкта “Хонда-Одиссей” жана “Хово” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаалар сүзүшкөн. Кырсыктан жараат алган дагы үч адам Токтогул райондук ооруканасына жеткирилди.

Кыргызстанда быйыл жол кырсыктарынын саны көбөйүүдө. Жол кайгуул кызматынын маалыматы боюнча өткөн жети ай ичинде жол кырсыгынан 521 адам мерт кетти.(BkA)

XS
SM
MD
LG