Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Активисттер мыйзамсыз тинтүүгө кабылганын айтып чыкты


“Жаңы муун” бирикмесинин өкүлдөрү милиция бут тосуп жатканын айтып чыкты. Бул тууралуу бирикменин мүчөсү Адил Турдукулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, уюмдун дагы мүчөсү Мавлян Аскарбеков кечээ Таласка баратканда Чүйдөгү Сосновка бекетинде милиция кызматкерлери токтотуп, унаасын тинтүүгө алган.

Андан соң уюмдун 27-сентябрда Таласта өтө турган курултайга арналган баракчаларын тартып алышкан.

Турдукулов бул баракчаларда эч кандай мыйзамсыз талаптар жазылбаганын, жөн гана бийликтин жаштар курултайына бут тосуусу катары баалап жатат.

Ал эми Ички иштер министрлигинен болсо активисттердин автоунаасы текшерилгенин тастыкташты. Министрликтин маалымат катчысы Жоробай Абдраимовдун айтымында, аларга мыйзамсыз чакырыктарды камтыган баракчалар Таласка өтөт деген оперативдүү маалымат келип түшкөн. Анын негизинде Аскарбековдун унаасы тинтилип, 1000 даана ар кыл чакырыктар жазылган баракчалар табылган. Ал баракчалар алынып, экспертиза үчүн УКМКнын Жайыл райондук бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

- Текшерүү учурунда эч кимге күч колдонгон эмес. Алар өз ыктыяры менен баракчаларды экспертиза үчүн милиция өткөрүп беришти,- деди Абдраимов.

“Жаңы муун” коалициясы буга чейин Оштогу газдын өчүрүлүшүнө каршы, чек ара маселелери боюнча акцияларды өткөрүп келген. Таласта да 27-сентябрда бир катар талаптар менен курултай өткөрүүнү мерчемдеп жатышат.(BkA)

XS
SM
MD
LG