Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:22

Апрель окуясы боюнча сот уланууда


Бишкектин аскердик сотунда 2010-жылдагы 7-апрель окуясына байланыштуу соттук жараян уланууда. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын жактоочусу Осунбек Жамансариев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, 25-июлда чыккан Бишкек гарнизондук сотунун өкүмүн эки тарап тең жогорку инстанцияга даттанышкан. Соттолгондор актоону өтүнүшсө, жабырлануучулар жазасыз калгандарды кылмыш жообуна тартууну суранууда. Учурда соттолуучулар апелляциялык арызын окуп жатышат.

25-июлда Бишкек гарнизонунун Аскердик соту “Альфа” атайын бөлүгүнүн бардык кызматкерлерин актаган чечим чыгарган. Ал эми мурдагы президент Курманбек Бакиев, иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою сыртынан эркинен ажыратылса, мурда жогорку кызматта жүргөн бир катар кызматкерлер 10 жылдан 25 жылга чейин кесилген. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG