Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:17

Түндүк Вазиристанда сегиз согушкер мерт кетти


Пакистандын чалгындоо кызматынын расмий өкүлдөрү билдиришкендей, АКШныкы деп шектелген пилотсуз учактын чабуулунан Ооганстан менен чектеш аймакта кеминде сегиз согушкер мерт кетти. Маалыматка ылайык, дүрмөт Түндүк Вазиристандагы Датта Кель шаарчасына, чакан базардын жанындагы комплекске жана машинага тийген.

Пакистандын уруулар байырлаган ал чөлкөмүндө бир нече жылдан бери "Ал-Каида" жана башка топтордун согушкерлери башпааналап келет.

Июнь айында армия аларга каршы чабуул баштап, миңден көп жоочу жок кылынганын билдирүүдө. Бирок бул маалыматты көз карандысыз булактар тарабынан бышыктоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG