Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

Климаттагы өзгөрүүлөр боюнча саммит аяктады


Климаттагы өзгөрүүлөр боюнча саммиттин катышуучулары энергиянын толуктанып турчу булактарын көбүрөөк пайдалануу жана өнүгүп келаткан өлкөлөргө жардам берчү фондго акча чогултуу жөнүндө макулдашты.

БУУ уюштурган бир күндүк жыйында 2030-жылга чейин тропикалык токойлордун кыскарышын токтотуу, азык-түлүк өндүрүүнү жакшыртуу жана чоң шаарларда электр машинелеринин санын 30 процентке көбөйтүү максаты коюлду.

Эмки жылдын этегинде Парижде 200 мамлекеттин катышуусундагы саммитте уулуу газдар эмиссиясын азайтуу боюнча келишим бүткөрүлөт деп күтүлүүдө.

Жолугушуунун катышуучуларына кайрылган АКШ президенти Барак Обама ыкчам өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн экономикасы өскөн сайын абага бөлүнүп чыккан уулуу газдын көлөмү да көбөйүп жатканын айтып, алар өздөрүнө милдеттенмелерди алууга тийиш деди.

2007-жылы Кытай атмосферага уулу газ бөлүү боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыккан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG