Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Киев чыгыш облустарда ок атышуу болуп жатканын билдирди


Расмий Киевдин билдиргенине караганда, ок атышпоо тууралуу макулдашууга карабай, өлкө чыгышында өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилер ортосунда кармаштар болду. Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши 24-сентябрда маалымдагандай, соңку 24 саатта тогуз аскер жарадар болду. Кеңештин басма сөз катчысы Андрей Лысенко козголоңчулар чагымчыл аракеттери менен армияны жооп берүүгө түртүп жатышат деп билдирди.

Кабарларга караганда, Донецкте аткылоодон бир турак-жай жабыркады. Козголоңчулардын андан эки киши өлдү деген маалыматын көз карандысыз булактар тастыктай элек. 5-сентябрда козголоңчулар менен куралдуу күчтөр ок атышпоо жөнүндө макулдашып, ошондон бери жалпысынан аны карманып келишти. Өткөн аптада тараптар артиллерия менен оор техникасын буфердик тилкеден алып чыгуу тууралуу сүйлөшкөн. НАТОнун маалымат катчысы Жэй Янцен бүгүн маалымдагандай, орус бөлүктөрү Украинадан чегингени байкалган. Бирок чек ара аймагында дагы эле бир топ аскерлер кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG