Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Обама дүйнө лидерлерин "өлүм түйүнүнө" каршы күрөшүүгө үндөдү


Президент Барак Обама БУУнун Башкы Ассамблеясынын трибунасынан дүйнө өлкөлөрүн АКШ жана коаалиция күчтөрүнө "Ислам мамлекети" уюмунун Ирак менен Сириядагы согушкерлерин талкалоого чакырып, аларды “өлүм түйүнү” деп атады.

“Ал киши өлтүргүчтөр күчтүн тилин гана түшүнүшөт” – деди Обама.

22-сентябрдан бери АКШ жетектеген альянс экстремисттердин Сирия жана Ирактагы турумдарына абадан сокку уруп келатат.

Обама мусулман коомчулугун уюмдун идеологиясын “чечкиндүү жана ырааттуу” түрдө четке кагууга үндөдү.

Президент ошол эле маалда Кошмо Штаттары баскынчы держава катары аракеттенбейт, өлкө эч качан “Исламга каршы согушпайт” деп белгиледи.

Украинадагы окуяларга кайрылып, Обама буларга токтолду:

- Америка жана өнөктөштөрүбүз демократияны жана экономиканы өнүктүрүп жаткан украин элин колдошот. НАТО боюнча шериктерибизди күчтөндүрүп, коллективдүү коргонуу боюнча милдеттенмелерибизди бекем тутабыз. Орусия агрессиянын баасын төлөөгө тийиш, биз калпка чындык менен жооп кайтарабыз.

XS
SM
MD
LG